Автор: Маалыматтык саясат сектору
2 Июнь 2025 ж. 18:34
Көрүлдү: 951
Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар боюнча эл аралык эксперти Чочунбаева Динара Илимбековна 69 жашында дүйнө салды.
Динара Илимбековна маданиятка жана билимге кошкон салымы үчүн "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" жана "Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги" наамдарына татыктуу болгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жана КМШнын сыйлыктары менен сыйланган.
Анын ишине чын дилден берилгендик, жогорку кесипкөйлүк жана өз элинин маданияты менен мурасына болгон терең сүйүүсү менен сугарылган эмгек ишмердиги улуттук билим берүүнүн жана искусствонун өнүгүшүндө өчпөс из калтырды. Аны Кыргызстанда гана эмес, анын чегинен тышкары да эксперт, сүрөтчү, агартуучу катары билишкен, баалашкан жана урматташкан.
Динара Чочунбаева 1956-жылы 5-сентябрда Фрунзе шаарында туулган. 1971-жылы ал көркөм сүрөт окуу жайын декоративдик искусство адистиги боюнча окуп бүтүргөн, ал эми 1978-жылы Москва полиграфиялык институтун аяктаган. Эмгек жолун "Кыргызстан" басмасында көркөм редактор болуп баштап, 1980-жылдан тартып Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун башкармалыгынын мүчөсү болгон.
Динара Илимбековна 1986-жылы "Балажан" республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борборунун биринчи директору болуп дайындалып, аны 16 жыл башкарган. Анын демилгеси, дилгирлиги жана көрөгөчтүгү менен "Балажан" борбору балдарды чыгармачылык жактан өнүктүрүү, педагогдорду методикалык жактан коштоо, Кыргызстандын маданий салттарын сактоо жана жайылтуу үчүн уникалдуу жайга айланды.
1995-жылы аталган борбордун алдында "Өзгөчө балдар мектеби" иштей баштаган, ал эми бир жылдан кийин "Кыргыз стили" салттуу жана заманбап маданиятты өнүктүрүү борбору түзүлгөн. Андан ары ал Кыргызстанда жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө кол өнөрчүлүк өнөрүн колдоого жана жайылтууга багытталган бир катар маанилүү социалдык жана маданий демилгелерди жетектеди.
Чочунбаева 2004-жылдан баштап элдик кол өнөрчүлүк буюмдары үчүн сапат белгиси боюнча ЮНЕСКОнун WCC программасынын аймактык координатору кызматын аркалап, 2006-жылы "Оймо" эл аралык фестивалын негиздеген. 2009-жылы ал “CACSARC-kg ресурстук борбору” коомдук фондун түзгөн. Анын аракети менен Кыргызстан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине шырдак, ала кийиз жана боз үй жасоо салттарын киргизүүгө жетишти.
Ал, ошондой эле, Кыргызстанда, Тажикстанда, Грузияда жана Түркияда изилдөө иштерин жүргүзүп, эл аралык долбоорлорго катышып, маданий мурастарды сактоо тармагында иштеген жаш ишкерлердин өнүгүүсүнө жигердүү салым кошкон.
Динара Илимбековнанын жаркын элеси туугандарынын, досторунун, кесиптештеринин, окуучуларынын жана аны жакындан таанып-билүү бактысына ээ болгондордун жүрөгүндө түбөлүккө сакталып кала берет.
Д.Ш. Кендирбаева, М.А. Баймурзаев, Н.С. Джусупбекова, Л.А. Самыкбаева, А.Д. Махметкулов, А.С. Кусейинова, Н.А. Касымова, А.Т. Исраилова, Г.Т. Чотбаева, Н.К. Дюшеева, А.Д. Токтомаметов, Б.С. Шамшидинова, Д.С. Мусина ж.б.