Автор: Маалыматтык саясат сектору
2 Июнь 2025 ж. 14:59
Көрүлдү: 849
Буга чейин кабарлагандай, бүгүн республиканын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына 1 – 2-класстарга балдарды электрондук каттоонун экинчи этабы башталды, ал 2025-жылдын 31-августунда аяктайт. Экинчи этапта бош орундарга балдарын каттагысы келген ата-энелердин саны өтө көп болуп, баары бир убакта (саат 9.00-11.00 арасында) https://1mektep.edu.gov.kg/ системасына кирип, балдарын каалаган мектебине электрондук каттоого аракет кылгандыктан, системанын иштөөсүндө техникалык маселелер жаралды. Ушул тапта система штаттык режимде иштеп, ата-энелер балдарын мектепке электрондук каттоону өз алдынча жүзөгө ашырып жатышат.
Техникалык маселелерге байланыштуу жаралган абалды туура түшүнүүгө чакырабыз.