БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ТҮШҮНДҮРӨТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

30 Май 2025 ж. 14:20

Көрүлдү: 500

Бүгүн, 30-майда, интернет айдыңында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтына (edu.gov.kg) жарыяланган пресс-релиздин туура эмес котормосу тууралуу маалымат тарап кетти. Ушуга байланыштуу министрлик төмөнкүлөрдү билдирет.

post.title

Сайтка мындай котормо жарыяланган эмес. Кеп Google Translate сервисинин жардамы менен жүзөгө ашырылган автоматтык котормо тууралуу жүрүп жатат.

Расмий тексттер жана котормолор министрликтин маалыматтык саясат бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жарыяланат. Таратылган версияда «Маалыматтык саясат департаменти» деп жаңылыш көрсөтүлгөн, министрликтин түзүмүндө мындай департамент жок.

Министрлик жарандарды этият болууга, текшерилбеген маалыматты таратпоого жана маалыматтарды расмий булактар – министрликтин расмий сайты жана социалдык тармактардагы баракчалары менен салыштырып тактоого чакырат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар