КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ИНФОРМАТИКА БОЮНЧА АЗИЯ ОЛИМПИАДАСЫНДА АЛГАЧ ИРЕТ АЛТЫН МЕДАЛЬ УТУП АЛЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

30 Май 2025 ж. 13:34

Көрүлдү: 706

Информатика боюнча 19-Азия-Тынч океан олимпиадасы (Asia-Pacific Informatics Olympiad – APIO) 2025-жылдын 17-18-майында Өзбекстанда өттү. Олимпиадага Азиянын 36 өлкөсүнөн (Армения, Гонконг (КЭР), Казакстан, Австралия, Индия, Түштүк Корея, Азербайжан, Индонезия, Кыргызстан, Бангладеш, Иран, Макао (КЭР), Кытай, Израиль, Малайзия, Египет, Жапония, Монголия, Грузия, Иордания, Жаңы Зеландия, Пакистан, Филиппиндер, Россия, Палестина, Шри-Ланка, Сауд Арабиясы, Сингапур, Тажикстан, Сирия, Түркмөнстан, Түркия, Вьетнам, Өзбекстан, Тайвань (Кытай), Таиланд) 200дөн ашуун окуучу катышты.

post.title

Кыргызстандын 6 окуучудан турган командасы олимпиадага онлайн видео көзөмөл форматында катышты. Жыйынтыгында Кыргызстандын окуучулары 1 алтын  жана 1 коло  медалга ээ болушту:
Бобрус Ян, 9-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби (Бишкек) – алтын  медаль.
Кадыров Адилхан, 9-класс, Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейи – коломедаль.

Ошондой эле 4 окуучу сертификат алды:
Карыпжанов Нурислам, 10-класс, «Сапат» ББМ
Айдарбеков Алихан, 11-класс, Сейтек STEM
Лебиев Абдульазиз, 11-класс, Сейтек STEM
Жаникеев Саид, 9-класс, А. Молдокулов атындагы № 5 УИТМЛ

Бул – Кыргызстандын APIO тарыхындагы биринчи алтын медалы. Буга чейин Кыргызстан 2 күмүш жана 10дон ашуун коло медаль алган. 

Бобрус Янды олимпиадага Осмонов Медербек, Жаникеев Саидди –  Алмазбеков Бексултан, ал эми Кадыров Адилхан, Карыпжанов Нурислам, Айдарбеков Алихан, Лебиев Абдульазиздерди Урайымов Кылычбек даярдаган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар