Автор: Маалыматтык саясат сектору
29 Май 2025 ж. 14:32
Көрүлдү: 750
Бүгүн, 29-майда, Бишкек шаарында Агартуу министрлигинин жетекчилиги астында климаттын өзгөрүшүнө байланышкан билим берүүнүн улуттук стратегиясы боюнча консультациялык форум өз ишин баштады.
Форумга Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тапа, ошондой эле эл аралык уюмдар жана өнөктөштөр катышууда.
Агартуу министри форумда Кыргызстан билим берүү системасын түп-тамырынан трансформациялоого багытталган «Алтын Казык» жаңы билим берүү моделин ишке киргизип жатканын айтты.

“Президент Садыр Жапаров күн тартибиндеги маанилүү дүйнөлүк маселелерге – парник газдарын азайтуу, кычкылтектин көлөмүн көбөйтүү, тоолуу өлкөлөрдү коргоого өзгөчө көңүл буруп келет. Бириккен Улуттар Уюмунун тоолуу аймактарды колдоо программасына да кирди. 2023-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында туруктуу өнүгүүнү билим берүү жана илим аркылуу ишке ашыруу максаты күн тартибине киргизилген. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн биз балдарда туруктуу өнүгүүгө багытталган негизги көндүмдөрдү калыптандыруу зарылдыгын аныктадык. Бирок 2006 – 2009-жылдары Кыргызстан бул жаатта эң акыркы орундарды ээлеген. 2021-жылы жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыгы 2023-жылы чыккан: балдардын 62 пайызы математика боюнча функционалдык сабаттуулукка ээ эместиги аныкталган. Ошондой эле, 49 пайызга жакын бала окуганды түшүнүү жана анализдөө көндүмдөрүнө ээ эмес экени белгилүү болгон”, – деди министр.
Д. Кендирбаева Кыргызстан глобалдык эмгек рыногуна аралашмак турсун, арыктан аттай албай калганын айтып, бүгүнкү күндө адамдын өнүгүүсү жана эмгек рыногунда өз ордун табуусу үчүн төмөнкүдөй үч негизги компетенция талап кылынарын белгиледи: репродуктивдүү (кайталамай), продуктивдүү (натыйжалуу иштеген), креативдүү (чыгармачылык менен ойлонгон жана ишке ашырган) жөндөмдөр.
Белгилей кетсек, форум эки күнгө созулат. Анын алкагында окуу программасы, окутуу жана билим берүү боюнча секциялык топтордогу тематикалык талкуулар болуп, негизги маселелер жана сунуштар боюнча жалпы талкуу жүргүзүлөт.