Автор: Маалыматтык саясат сектору
28 Май 2025 ж. 17:30
Көрүлдү: 719
Мамлекет башчысы С. Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдын 20-майынан тартып, атайын бекитилген графикке ылайык, бардык облустарда жарандар менен жолугушуулар уюштурулууда. Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиевдин жетекчилиги астында өткөрүлүүдө.
Иш сапарынын алкагында өлкөнүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугушууда. Ошондой эле министр жеке кабыл алууларды уюштуруп, билим берүү тармагына байланыштуу маселелерди жеринен угуп, ыкчам чечүү аракеттерин көрүүдө.
Министр жарандардын суроолоруна жооп берип, билим берүү мекемелеринин абалы, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, мугалимдердин жетишсиздиги жана кадр маселелери боюнча сунуш-пикирлерди кабыл алды.
Белгилей кетсек, агартуу министри буга чейин да бир нече облустарда жарандарды жеке кабыл алып, аймактардагы актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулап келген.