МИГРАНТТАР ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР: БИШКЕКТЕ ЖОЛГО ЧЫГАР АЛДЫНДА БАГЫТТОО ЖАНА РЕИНТЕГРАЦИЯЛОО БОРБОРУ ЖАНА АШПОЗЧУЛАРДЫ СЕРТИФИКАЦИЯЛОО ҮЧҮН ЛАБОРАТОРИЯ АЧЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

28 Май 2025 ж. 17:02

Көрүлдү: 640

Коопсуз жана уюшкан эмгек миграциясына көмөктөшүү, ошондой эле кайтып келген мигранттарды ийгиликтүү реинтеграциялоо максатында бүгүн Бишкекте Мигранттар үчүн жолго чыгар алдында багыттоо жана реинтеграциялоо борбору ачылды.

post.title

 

Борбор Өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча швейцариялык агенттик (SDC) тарабынан каржыланып, Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) тарабынан Кыргыз Республикасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (ЭСКМ) жана Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан “Эмгек миграциясынын программасы – Борбордук Азия” долбоорунун алкагындагы пилоттук демилге болуп калат.     

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 30 жашка чейинки курактагы жаштардын 40 пайызга жакыны расмий контракттарды түзбөстөн формалдуу эмес сектордо көбүнчө квалификациясына туура келбеген же квалификациясы төмөн болгон жумуш орундарына орношуп алып, эмгек миграциясын тандап кетишет. Бул аларды жогорку тобокелдикке кириптер кылат.    

Жолго чыгар алдында багыттоо жана реинтеграциялоо борбору Билим берүү жана илим министрлигинин Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун базасында ачылды. Борбордун ачылышы адистерди даярдоо, квалификациясын тастыктоо менен ички эмгек рыногунда да, тышкы эмгек рыногунда да кийин-соңу ишке орноштуруунун ортосундагы тыгыз байланышты камсыздоого мүмкүндүк берет. Борбор:

●    онлайн жана гибриддик окутуунун ийкемдүү форматтарын, анын ичинде эмгекчилердин укуктары, финансылык сабаттуулук жана маданияттар аралык коммуникация боюнча модулдарды;
●    Жарандарды чет жакта ишке орноштуруу боюнча борбордун (ЖЧИБ) адистеринин жолго чыгар алдындагы даярдоо маселелери боюнча консультацияларды алуусун;
●    кесиптик көндүмдөрдү тастыктоо жана сертификациялоо, анын ичинде потенциалдуу иш берүүчүлөр менен видео баарлашуулардан өтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Борбордо коомдук тамактануу чөйрөсүндөгү кесиптик компетенцияларды баалоо үчүн лаборатория түзүлдү. Лаборатория заманбап ашкана жабдуулары жана эмеректер менен жабдылган. 2025-жылдын аягына чейин лаборатория кеминде 200 мигранттын кесиптик интеграциясына жана ишке орношуусуна өбөлгө түзүп, алардын сертификациядан өтүүсүн камсыз кылат. 

“Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору 2023-жылы ачылган. Ал мигранттарды окутууда жана реинтеграциялоодо маанилүү роль ойнойт. Мындай борборлор өлкөбүздүн бардык аймактарында ачылат деп үмүттөнөм. Билим берүү жана илим министрлиги эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга ар дайым ачык жана даяр”, – деди агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар