КЫРГЫЗ-ТҮРК КЕСИПТИК КЫЗДАР ЛИЦЕЙИ БЫЙЫЛ 43 БҮТҮРҮҮЧҮНҮ ТУУРУНАН УЧУРАТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

26 Май 2025 ж. 18:04

Көрүлдү: 495

Бүгүн Бишкектеги Анадолу Кыргыз-Түрк кесиптик кыздар лицейинде да “Акыркы коңгуроо” иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнура Мамырова, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышып, бүтүрүүчүлөрдү майрамы менен куттукташты.

post.title

33 жылдык тарыхы бар бул кесиптик лицей 1992-жылдан бери мода дизайны жана веб-дизайн багыттары боюнча адистерди даярдап келет. 2024-2025-окуу жылында лицейди эки кесип боюнча 43 бүтүрүүчү аяктайт. Алардын баары жогорку окуу жайларына тапшырууну мерчемдөөдө.

Быйыл 35 кыз Түркия Бурслары стипендиясына документ тапшырып, жыйынтыгын күтүп жатышат. Өткөн жылы 23 бүтүрүүчү кыз бул гранттын негизинде Түркиянын ар кайсы университеттерине кабыл алынган.

Өткөн жылкы 43 бүтүрүүчүнүн орточо ЖРТ баллы 178ди түзгөн, ал эми 8 кыз 200дөн жогору балл топтогон.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар