№18 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ ДА “АКЫРКЫ КОҢГУРОО” КАГЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

26 Май 2025 ж. 17:18

Көрүлдү: 423

Бүгүн, 26-майда, Бишкек шаарындагы № 18 кесиптик лицейде “Акыркы коңгуроого” арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

post.title

Майдамдык иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнура Мамырова, Республикалык илимий-методикалык борбордун директорунун орун басары Алымкан Саттаровалар катышты.

Г. Мамырова өзүнүн куттуктоо сөзүндө өлкө үчүн кесиптик билим берүүнүн маанилүүлүгү артып баратканын белгиледи. Ал бүтүрүүчүлөргө андан аркы жашоосундагы жана ишиндеги ийгиликтерди каалады.

Иш-чара жогорку уюшкандыкта өттү. Ага окуу жайдын социалдык өнөктөштөрү, анын ичинде  дуалдык окутуунун жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруунун алкагында лицей менен жигердүү кызматташып келе жаткан “Империя пицца” жана Danatex компаниялары да катышты.  

“Акыркы коңгуроо” окуучулардын өмүрүндөгү маанилүү этаптын аякташын символдоштурган жана алардын алдында чоң, кесиптик турмушка эшик ачкан жаркын жана эсте каларлык окуя болуп калды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар