КР БИМ РЕСПУБЛИКАНЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН 1 – 2-КЛАССТАРЫНА КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН «МЕКТЕП» СИСТЕМАСЫНДА КӨПТӨГӨН МЫЙЗАМСЫЗ КАТТООЛОРДУ АЙКЫНДАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

26 Май 2025 ж. 16:42

Көрүлдү: 377

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Мектеп» автоматташтырылган маалыматтык системасындагы каттоого мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматынын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Биргелешкен мониторингдин алкагында кээ бир адамдар мыйзамдуу өкүлдөр (камкорчулар) катарында жасалма документтердин негизинде ар кандай маалыматтар менен балдарды электрондук түрдө катташканы аныкталды, бир эле мыйзамдуу өкүлгө төрт жана андан көп баланы электрондук түрдө каттоо фактылары айкындалды. Атап айтканда, Бишкек шаарындагы №29 мектеп боюнча 86 баланы мыйзамсыз каттоо фактылары айкындалды. Ушундай эле учурлар башка жалпы билим берүү уюмдарында да аныкталды.

post.title

Комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамсыз катталган бардык балдар боюнча маалыматтар «Мектеп» системасынан жокко чыгарылды. Ошентип, Бишкек шаарындагы №29 мектепте 86 орун бошоду, бул орундарга ошол микроучастокто катталган балдар 1 – 2-класстарга кабыл алынышы мүмкүн.

Ошону менен катар, Билим берүү жана илим министрлиги маалыматтары жокко чыгарылган бардык балдар 2025-жылдын 2-июнунда баштала турган 1 – 2-класстарга каттоонун экинчи этабынын алкагында белгиленген тартипте кайрадан каттала алышат.

2025 – 2026-окуу жылында билим берүү чөйрөсүн санариптик трансформациялоонун алкагында 1 – 2-класстарга каттоо онлайн-форматта 1mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу, ошондой эле «Түндүк», «Мбанк», «Мегапей» жана башка тиркемелердин жардамы менен жүзөгө ашырылууда. Ушул тапта каттоонун биринчи этабы жүрүп жатат. Эске сала кетсек, биринчи этапта мектепти тандай элек ата-энелер бул тандоону ушул жылдын 2-июнунда баштала турган экинчи этапта жүргүзө алышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар