Автор: Маалыматтык саясат сектору
26 Май 2025 ж. 15:28
Көрүлдү: 817
Бүгүн Кыргызстандын бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасы өтүп жатат. Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылындагы Чүй облустук мектеп-гимназиясында да бул салтанатка мектепти 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр катышты.
Алар химия кабинетин оңдоп-түзөп, керектүү жабдуулар менен камсыз кылышты. Бир кезде ушул мектепте билим алган мурдагы окуучулардын мындай демилгеси мугалимдер үчүн чоң кубаныч тартуулады.

Белгилүү алып баруучу Эркин Рыскулбеков аталган мектепти 20 жыл мурун аяктаган. Ал 8–11-класстардын окуучуларына химия сабагында эксперимент жасап, билимге кызыгуусун арттыруу маанилүү экенин белгиледи.

— Биз, бүтүрүүчүлөр, үлгү болуу максатында чогулуп, өзүбүз бүткөн мектептеги химия кабинетине керектүү жабдууларды алып бердик. Мектепти бүткөн балдар, арадан 10 же 20 жыл өтсө да, өз мектебине кайтып келип, кайра инвестиция салуусу маанилүү. Бул – спорт аянтчасын куруп берүү, китепкананы жаңылоо, компьютер алып берүү же химия-физика кабинетин оңдоп-түзөө болушу мүмкүн. Мунун баары – мектепке кайтарым салым. Ошону менен бирге азыркы окуучуларга да үлгү болот, — деди Э. Рыскулбеков жолугушуу учурунда.
Белгилей кетсек, химия кабинетине 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрдүн класс жетекчиси, химия мугалими Бүкөн Назаралиеванын ысымы ыйгарылды.