КЫРГЫЗСТАН EWF 2025 ДҮЙНӨЛҮК ФОРУМУНДА БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАЛАРЫН ТААНЫШТЫРУУДА

Автор: Маалыматтык саясат сектору

21 Май 2025 ж. 10:14

Көрүлдү: 315

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 2025-жылдын 18 – 21-май күндөрү Лондон шаарында өтүп жаткан 21-дүйнөлүк билим берүү форумуна (EWF 2025) катышууда.

post.title

Дүйнөлүк билим берүү форуму — билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган эң таасирдүү эл аралык аянтчалардын бири болуп саналат.

Бул иш-чара дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн билим берүү министрлерин жана тийиштүү ведомстволордун жетекчилеринин катышуусун камтууну салтка айланткан.

Аталган форумдун башкы темасы – «Туруктуулуктан өсүшкө: биргеликте күчтүү, максаттуу жана сапаттуу билимди куруу» – дүйнөлүк коомчулуктун инклюзивдүү, ийкемдүү жана туруктуу билим берүү системаларын калыптандыруу менен адилеттүү социалдык-экономикалык өнүгүүгө жетүү аракетин чагылдырат.

Ал эми EWF 2025, форумунун негизги тематикалары төмөнкүлөрдү камтыйт:

- дүйнөлүк деңгээлдеги адистер жана дем берүүчү баяндамачылар катышкан пленардык жыйындар;

- глобалдык өзгөрүүлөр шартындагы билим берүүнүн негизги маселелери боюнча министрлердин панелдик талкуулары;

- тажрыйба жана ой бөлүшүүгө багытталган чакан топтордогу практикалык сессиялар;

- туруктуу жана инклюзивдүү билим берүү системаларын өнүктүрүү;

- билим берүүдө санариптик технологияларды колдонуу;

- билим берүү жаатындагы инновациялык чечимдер;

- эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү;

- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү илгерилетүү;

- мугалимдерди жана жетекчилерди даярдоонун сапатын жогорулатуу;

- билимдин коомдук биримдикти чыңдоодогу жана экономикалык

өсүштөгү ролу.

Форумдун демилгечиси, Улуу Британиянын билим берүү министри Бриджит Филлипсон, “Дүйнөлүк билим берүү форумунун негизги максатынын бири - бул жогорку деңгээлдеги билимди ар бир балага жана жалпы жаштарга жеткиликтүү кылуу үчүн багытталган ар кыл тийиштүү маселелерди талкуулоого түзүлгөн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөт” дейт ал өз сөзүндө.

«Билим – ар бир баланын жашоосун жакшыртуунун, экономикабызды өстүрүүнүн жана коомубузду чыңдоонун негизги куралы. Бул мүмкүнчүлүктөр Англия менен чектелбестен, бүткүл дүйнөгө кеңири жеткиликтүү болушу керек», – деп айтылат министрдин расмий чакыруусунда.

Кыргыз Республикасы EWF 2025 форумуна катышууда билим берүү жаатында жүрүп жаткан улуттук реформаларды эл аралык мейкиндиги менен тааныштыруу, өнөктөштүктү бекемдөө жана мыкты эл аралык тажрыйбаларга жана демилгелерге жетүү мүмкүнчүлүгү катары карайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар