КР АГАРТУУ МИНИСТРИНИН AQAASSESSMENT SERVICES LTD. ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН РАСМИЙ ЖОЛУГУШУУСУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

21 Май 2025 ж. 10:07

Көрүлдү: 231

Лондон шаарында өтүп жаткан 21-Дүйнөлүк билим берүү форумунун (EWF 2025) алкагында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева AQA Assessment Services Ltd. компаниясынын директору Дерек Ричардсон менен расмий жолугушуу өткөрдү.

post.title

Бул компания— билим берүүдөгү жетишкендиктерди баалоо боюнча Улуу Британиядагы алдыңкы операторлордун бири болуп саналат.

Жолугушууда билим сапатын баалоонун улуттук системасын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасы менен AQA ортосундагы кызматташтыктын багыттары талкууланды. Негизги темалары катары заманбап санариптик инструменттерди колдонуу, жыйынтыктоочу аттестациянын ачык-айкындуулугун жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле мекемелер аралык потенциалды чыңдоо маселелери каралды.

Д. Кендирбаева эл аралык стандарттарга ылайык келген, ачык-айкын, объективдүү жана заманбап баалоо механизмдерин киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал механизмдер өлкөнүн адамдык капиталын өнүктүрүүгө өбөлгөтүзөт.

Тараптар Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

AQA компаниясынын тажрыйбасы окуучулардын жетишкендиктерин баалоо гана эмес, билим берүү уюмдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү стратегияларды иштеп чыгууда да пайдалуу боло турганын белгилешти.

Маалымат үчүн:

AQA Assessment Services Ltd — бул Улуу Британиядагы билим берүү тармагындагы эң ири көз карандысыз кайрымдуулук уюму болгон Assessment and Qualifications Alliance (AQA) уюму. Компания квалификациялык программаларды, анын ичинде бүтүрүү экзамендерин, AS жана A-levels, BTEC программаларын иштеп чыгат жана аларды ишке ашырат. Ошондой эле аталган уюм изилдөөлөрдү жүргүзүп, кеңеш берүү кызматтарын жана билимди баалоо боюнча технологиялык чечимдерди сунуштайт. AQA Улуу Британияда орто билим деңгээлиндеги бардык экзамендердин жарымынан көбүн өткөрүп келет. Анын квалификациялары дүйнө жүзү боюнча университеттер жана иш берүүчүлөр тарабынан таанылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар