КЫРГЫЗСТАНДЫН АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН УЛУУ БРИТАНИЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН ӨКҮЛДӨРҮ КЕЛЕЧЕКТЕГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ДЕМИЛГЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

19 Май 2025 ж. 17:18

Көрүлдү: 530

2025-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өнөктөштүгү жана Борбордук Азия боюнча директорунун орун басары Марк Клейтон менен жолугушту. Иш сапарын Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер коштоп жүрдү.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, биргелешкен программалардын ишке ашырылышын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын негизги багыттарын талкуулашты.

Жолугушууда педагогдордун кесиптик өнүгүүсүнө, билим берүү мазмунун жаңылоого жана эки тараптуу кызматташтыктын алкагында жаңы демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуу ачык жана конструктивдүү баарлашуу маанайында өтүп, тараптар Кыргызстан менен Улуу Британиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин белгилешти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар