КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ БИОЛОГИЯ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА КОМАНДАЛЫК ЭСЕПТЕ БИРИНЧИ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

19 Май 2025 ж. 14:48

Көрүлдү: 434

2025-жылдын 10–17-майда быйыл биринчи жолу Россия Федерациясынын Сочи шаарындагы “Сириус” билим берүү борборунун базасында биология боюнча Open International Biology Olympiad (OIBO 2025) аттуу Ачык Эл аралык Олимпиада өттү. Иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген таланттуу мектеп окуучулары катышты.

post.title

Окуучулар үч баскычта күч сынашты: теориялык, практикалык жана командалык долбоордук турлар. Кыргыз Республикасынын курама командасы жогорку даярдыкты көрсөтүп, 1 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алышты. Мындан тышкары, командалык долбоордук турда 1-орунду ээлеп, алтын медаль менен сыйланышты.

🎖 Жекече жыйынтыктар:

Дмитрий Рубан, «Сейтек-STEM» билим берүү комплекси – алтын медаль

Увалиев Нурсултан, Х. Карасаев атындагы Каракол лицейи – күмүш медаль

Виноградов Арсений, Ж. Баласагын атындагы Токмок лицейи – күмүш медаль

Русланбеков Улукбек Арстанбекович, «Сейтек-STEM» билим берүү комплекси – күмүш медаль

Асанкалыев Ахмед, Жайыл Баатыр атындагы ООЛ – коло медаль

Русланбеков Омурбек Арстанбекович, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи – коло медаль

👨‍🏫 Команданы даярдаган машыктыруучулар курамы:

Башкы машыктыруучу – Эльбрус Тажибаев

Башкы машыктыруучунун орун басары – Оксана Алексеевна Шубина

Олимпиадага даярдоо ишин жүргүзгөн – Olympiad League Academy командасы

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги окуучуларды жана мугалимдерди эл аралык деңгээлде жогорку жыйынтыктары менен куттуктайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар