Автор: Маалыматтык саясат сектору
16 Май 2025 ж. 14:28
Көрүлдү: 472
Бүгүн, 16-майда, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев жана агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Чүй облусунун Сокулук районундагы А. Жакшылыков атындагы орто мектептин кошумча окуу корпусунун курулуш иштери менен таанышты.
Аталган мектеп Сокулук айылынын борборунда жайгашкан жана райондогу эң эски билим берүү мекемелеринин бири болуп саналат. Азыркы учурда бул мектепте 2406 окуучу 59 класс-комплектте билим алууда, ал эми мектептин долбоордук кубаттуулугу болгону 750 орунду түзөт.
Кошумча окуу корпусу 450 орунга ылайыкталып, курулуш иштери 2016-жылы башталган. Ошол жылы Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында долбоордун сметалык баасы 44,8 млн сомду түзгөн. Подрядчы катары «Зодчество» ЖЧКсы тандалып, курулуш иштери башталган. 2016-жылы темир-бетон фундамент куюу иштери аткарылып, жалпысынан 5,3 млн сом өздөштүрүлгөн. Бирок ошол эле жылы октябрь айында каржылоо токтотулганына байланыштуу курулуш токтоп калган.
2019-жылы курулушту улантуу үчүн 8 млн сом бөлүнгөн. Ал эми 2024-жылы объектти консервациядан чыгаруу иштери жүрүп, курулуш кайра жандандырылган. Аны бүтүрүүгө 65 млн сом каралган. Бүгүнкү күндө биринчи кабаттын кыш дубалдары тургузулуп, биринчи жана экинчи кабаттын арасына темир-бетон плиталары коюлуп, экинчи кабаттын дубалдары тургузула баштады. Объектти эксплуатацияга тапшыруу 2026-жылга пландалган. Азыркы учурда курулуш ишинин жалпы көлөмү 25%ды түзөт.
Депутаттар аймактагы мектеп орундарындагы чоң тартыштыкты эске алуу менен курулушту өз мөөнөтүндө бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында мектептердин ашыкча жүктөлүшү курч көйгөйгө айланып жатат. Бул маселени чечүүнүн эффективдүү жолдорунун бири – иштеп жаткан мектептерге кошумча окуу корпустарын куруу. Бул, бир жагынан, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзсө, экинчи жагынан, мугалимдерге болгон жүктү азайтат. Сокулуктагы А. Жакшылыков атындагы мектептегидей долбоорлорду ишке ашыруу жаш муунга жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүүдө маанилүү роль ойнойт.