МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ИШМЕРДИГИН ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАР БЕКИТИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

16 Май 2025 ж. 11:54

Көрүлдү: 2992

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” токтому менен төмөнкүлөр бекитилди:

post.title

1)    Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандарты;
2)    Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө жобо; 
3)    Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын типтүү уставы;
4)    Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу тартиби.

Бул токтомдун негизги максаты Кыргыз Республикасында балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук базаны түзүү, мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүүгө, башкарууга, кайра уюштурууга, жоюуга жана алардын иштөөсүнө бирдиктүү талаптарды белгилөө, балдардын тамактануусун уюштуруу тартибин жөнгө салуу, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү жаңы талаптарды жана өзгөрүүлөрдү эске алуу менен Мектепке чейинки билим берүү боюнча мамлекеттик стандарттын мазмунун жаңылоо болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар