БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАР ҮЧҮН ЖАҢЫ МУУНДАГЫ “АНГЛИС ТИЛИ” ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КОМПЛЕКСТЕРИ БАСЫЛЫП ЧЫКТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

14 Май 2025 ж. 17:18

Көрүлдү: 532

2025-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын жана донордук каражаттардын эсебинен жалпы билим берүү уюмдарынын 3 – 4-класстары үчүн “Англис тили” окуу-методикалык комплекстери (окуу китеби, жумушчу дептер, мугалимдер үчүн методикалык колдонмо) басылып чыкты.

post.title

Жаңы муундагы окуу адабияттары азыркы учурда республиканын бардык аймактарына жеткирилип, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына бөлүштүрүлүп берилүүдө.

Ошондой эле ушул тапта “Учкун” ААКнын басмаканасында 5-класстар үчүн “Англис тили” окуу-методикалык комплекси басылууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар