АЗИЗ ЖАНА НАЧАР КӨРГӨН БАЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ ЖАТАК-МЕКТЕПТЕР ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

14 Май 2025 ж. 16:20

Көрүлдү: 420

2024-2025-окуу жылында азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектептердин суроо-талабынын негизинде республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен 7 – 8-класстар үчүн “Кыргыз тили”, 7-класстар үчүн “Орус тили”, 7 – 10-класстар үчүн “Англис тили”, 7 – 8-класстар үчүн “Физика” окуу китептери Брайль шрифти менен басылып чыкты.

post.title

Жогоруда көрсөтүлгөн окуу китептерин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйрутмасына ылайык жеке ишкер Мешечко даярдап, Бишкек жана Ош шаарларындагы азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектептерге жеткирип берди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар