Автор: Маалыматтык саясат сектору
13 Май 2025 ж. 17:17
Көрүлдү: 1471
2025-жылдын май айынын соңунда Кыргыз Республикасынын бардык түрдөгү жалпы билим берүү уюмдарынын 5 – 6-класстарынын окуучулары үчүн кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки түрдө класстан класска көчүрүү экзамендери өткөрүлөт.
Бул экзамендер атайын бекитилген Жобого ылайык уюштурулуп, билим алуунун сапатын баалоо жана тилдик көндүмдөрдү өрчүтүү максатын көздөйт.
🗓 Экзамендердин мөөнөтү төмөнкүдөй:
🧒 5-класстын окуучулары үчүн (окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде) – 27 – 28-майда;
👧 6-класстын окуучулары үчүн – 29 – 30-майда өткөрүлөт.
Сынамык тесттердин материалдары жана аларды баалоо критерийлери Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан иштелип чыкты.