ЭКИ ВЕДОМСТВОНУН БАЗАСЫНДА ӨЗ АЛДЫНЧА ЭКИ МИНИСТРЛИК ТҮЗҮЛӨТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

12 Май 2025 ж. 18:42

Көрүлдү: 572

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки өз алдынча министрлик: Агартуу министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги түзүлөт. Тиешелүү Жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгонун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы кабарлады.

post.title

Ошондой эле бүгүн, 12-майда, Билим берүү жана илим министрлигинде жогорудагы Жарлыкты ишке ашыруу маселелерине арналган жыйын болду. Жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов да катышып, министрликтин жамаатын өлкө жетекчилигинин чечимдери менен тааныштырды. Ага ылайык Догдуркүл Кендирбаева мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ошондой эле Бактияр Орозов мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
 
Кол коюлган Жарлыкка ылайык Агартуу министрлигине мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функциялар жүктөлөт. Ал эми Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү функциялар жүктөлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар