МИНИСТРЛИК BATKEN 4.0 ХАКАТОНУНА ЖАШТАРДЫН КАТЫШУУСУН КОЛДОДУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

29 Апрель 2025 ж. 13:09

Көрүлдү: 1205

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги BATKEN 4.0 хакатонун өткөрүүгө жана жаштардын активдүү катышуусуна колдоо көрсөттү.

post.title

Бул иш-чара өлкө аймактарында студенттик ишкердикти жана санариптик инновацияларды өнүктүрүүгө багытталган.

BATKEN 4.0 хакатонунун финалы 2025-жылдын 21-апрелинде Баткен шаарында болуп өттү. 18-марттан 21-апрелге чейинки аралыкта Баткен жана Ош облустарынан 90га жакын катышуучу онлайн-лекцияларга, тренингдерге жана тажрыйбалуу менторлор менен өткөрүлгөн консультацияларга катышты.

Интенсивдик программанын жыйынтыгында 50 катышуучу 15 командадан түзүлгөн финалга өтүп, өздөрүнүн бизнес-идеяларын, иштеп  чыккан моделдерин жана минималдуу жашоого жөндөмдүү продуктыларын (MVP) сунушташты.

Финалдык иш-чаранын ачылышында Билим берүү жана илим министрлигинин Санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы Гулиза Кочорбаева сөз сүйлөп, жаштардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүнүн, стартап демилгелерин колдоонун жана аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн инновациялык долбоорлорду ишке ашыра алган адистерди даярдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

BATKEN 4.0 хакатону Баткен мамлекеттик университети жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тарабынан Эл аралык электр байланыш биримдиги жана Герман эл аралык кызматташтык коому (GIZ) менен биргеликте уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар