КЫРГЫЗСТАН АБУ-ДАБИДЕ ӨТҮП ЖАТКАН ДОСТУК ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫШУУДА

Автор: Маалыматтык саясат сектору

28 Апрель 2025 ж. 17:55

Көрүлдү: 432

2025-жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында Кыргыз Республикасынын курама командасынын катышуусунда достук чемпионаты өтүүдө.

post.title

Катышуучулар "Маалыматтык технологиялар" жана "Ширетүү технологиялары" компетенцияларында күч сынашып, өлкөбүздү эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп жатышат.

Бул иш-чара жаштардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жана өлкөлөр ортосунда достук байланыштарды бекемдөөгө багытталган.

Кыргызстан кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо багытында эл аралык демилгелерге активдүү катышууну улантууда.

Чемпионаттын демөөрчүлөрү – WorldSkills Kyrgyzstan коомдук фонду жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги. Иш-чаранын башкы демөөрчүсү — "Айко-Сейко" ЖЧКсы.

Ошондой эле чемпионаттын уюштурулушуна расмий өнөктөштөр жана демөөрчүлөр — ESAB компаниясы, Evropa мейманканасы жана Текстилди өнүктүрүү борбору чоң салым кошушту.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар