СОЦИАЛДЫК ПЕДАГОГДОРДУ ОНЛАЙН ОКУТУУ УЛАНУУДА

Автор: Маалыматтык саясат сектору

28 Апрель 2025 ж. 14:24

Көрүлдү: 535

Балдар — Кыргызстандын эң баалуу байлыгы. Алардын жашоосу жана ден соолугу үчүн коопсуз шарттарды түзүү ар бир адамдын милдети.

post.title

Ушундан улам, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-жылдын 28–30-апрелинде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы мектептердин социалдык педагогдоруна «Балдарды колдоо, алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана тарбиясын жөнгө салуу» темасында онлайн окутууну улантууда.

Онлайн окутуу балдардын өз өмүрүнө кол салуусунун (суицид), баңгизаттарды колдонуусунун жана мектептеги зомбулуктун алдын алууга багытталган. Ар бир облустан болжол менен 500дөн ашык социалдык педагогдор катышууда.

Онлайн окутууга лектор катары Билим берүү жана илим министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Б. Н. Ельцин атындагы Кыргы-Россия Славян университетинин Жаштар арасында деструктивдүүлүктүн жана экстремизмдин алдын алуу институтунун кызматкерлери катышууда.

Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан методикалык колдонмолорду, презентацияларды, буклеттерди жана видеороликтерди ар бир мектептин тарбия иштери менен алектенген кызматкерлерине жумушта колдонуу үчүн таркатууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар