ИНДИЯДАГЫ AYUSH СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАЛАРЫНА КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАРАНДАР ҮЧҮН КАБЫЛ АЛУУ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

28 Апрель 2025 ж. 14:16

Көрүлдү: 467

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттерди Индиянын Нью-Дели шаарындагы Индиянын Маданий байланыштар боюнча кеңеши (ICCR) тарабынан сунушталган AYUSH стипендиялык программасынын алкагында окуу үчүн документтерди кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт.

post.title

Стипендия төмөнкү багыттар боюнча окууга берилет: 

* Аюрведа, Юнани, Сиддха жана Гомеопатия боюнча бакалавриат (UG), магистратура (PG) жана PhD курстары;
* Йога жана Йога Шастра боюнча бакалавриат;
* Йога боюнча магистратура;
* Йога жана Аюрведа боюнча PhD.

Өтүнмө берүү
Кызыккан Кыргыз Республикасынын жарандары өтүнмөлөрүн онлайн түрүндө ICCRдин A2A стипендиялык порталы аркылуу төмөнкү дарек боюнча бере алышат:
👉 http://a2ascholarships.iccr.gov.in/

Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун акыркы мөөнөтү — 2025-жылдын 8-июну.
Өтүнмө берүү боюнча кенен көрсөтмө жана программаларга катышкан университеттердин/институттардын тизмеси расмий сайтта жеткиликтүү.

Программа боюнча тандалып алынган талапкерлерге артка кайтуучу авиабилети жана окуу учурунда ай сайын стипендия берилет.

Традициялык медицина жана йога жаатында Индияда сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүккө ээ болгуңуз келсе, катышыңыз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар