Автор: Маалыматтык саясат сектору
26 Апрель 2025 ж. 13:13
Көрүлдү: 1350
Бүгүн, 26-апрелде, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты.
Алар министрликтин айланасын тазалап, өткөн жылдан калган жалбырактарды чогултуп, шыпыруу иштерин жүргүзүштү.
Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлдү.