Автор: Маалыматтык саясат сектору
26 Апрель 2025 ж. 12:49
Көрүлдү: 1375
2025-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору уюштурган "Кийиз сыйкыры" кошумча билим берүү системасында декоративдик-прикладдык искусство мугалимдеринин кесиптик чеберчилигинин республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.
Сынактын максаты - кийиз кол өнөрчүлүгүнүн салтын сактоо жана өнүктүрүү, педагогдордун кесиптик деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле балдарга кошумча билим берүү чөйрөсүндө чыгармачылык алмашууну стимулдаштыруу.

2025-жылдын январынан март айына чейин сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан жүздөгөн уникалдуу эмгектер келип түшкөн. Катышуучулар накта кийизден жасалган ар кандай техникаларда: панно, картина, аксессуарлар, оюнчуктар жана интерьер элементтерин сунушташкан.

Калыстар тобунун курамына кесипкөй сүрөтчүлөр, декоративдик-прикладдык искусствонун чеберлери, искусство таануучулар жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирди. Иштерди баалоодо төмөнкү критерийлер эске алынды: сынактын тематикасына ылайык келүү, идеянын өзгөчөлүгү, эстетикалык жасалгасы жана маданий салттарды сактоо.
Сынактын жеңүүчүлөрү дипломдор жана эстелик белектер менен сыйланат.