АНГЛИС ТИЛИН ОКУТУУЧУ ЫКТЫЯРЧЫЛАРДЫН САНЫН КӨБӨЙТҮҮ БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

24 Апрель 2025 ж. 17:53

Көрүлдү: 350

Бүгүн, 24-апрелде, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Тынчтык Корпусу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

post.title

Жолугушууга Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева жана Тынчтык Корпусунун Кыргызстандагы директору Хойт Брайан Йии катышты. Анда тараптардын Кыргызстанда англис тилинде билим берүүнү илгерилетүүгө жана мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү боюнча биргелешкен милдеттенмелери ырасталды.

Меморандум – Министрлик менен Тынчтык Корпусунун ортосундагы көп жылдык өнөктөштүктү жана Кыргызыстандагы билим берүү уюмдарында англис тилин окутуучу ыктыярчылардын санын көбөйтүү боюнча алардын биргелешкен максаттарын бекемдейт.

Маалымат үчүн: 1993-жылдан бери Кыргыз Республикасында Тынчтык Корпусунун 1350дөн ашык ыктыярчылары кызмат өтөшкөн. Учурда өлкө боюнча мектептерге дайындалган Тынчтык Корпусунун англис тили боюнча 44 ыктыярчысы жана жергиликтүү өнөктөштөргө туруктуу туризмди илгерилетүүгө жана англис тилин жакшыртууга жардам берип жаткан төрт Тынчтык Корпусунун Эко-туризм боюнча адис ыктыярчылары бар.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар