ОШ ОБЛУСУНУН ӨЗГӨН РАЙОНУНДАГЫ №5 “НАРИСТЕ” БАЛА БАКЧАСЫНДА ОБЛУСТУК ПРАКТИКАЛЫК СЕМИНАР ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

24 Апрель 2025 ж. 11:50

Көрүлдү: 496

2025-жылдын 23-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылында жайгашкан №5 “Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмунда “Мектепке чейинки билим берүүнүн заманбап практикасы: реалдуулук жана перспективалар” аттуу облустук практикалык семинар өткөрүлдү.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова, STEAM билим берүү программасынын автору Индира Дууланова, Ош облусундагы райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлери жана усулчулары катышты.

Семинардын алкагында мектепке чейинки билим берүүдө инновациялык ыкмаларды колдонуу, педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын арттыруу маселелери кеңири талкууланды.

Иш-чарада “Техноорбита” аттуу интеграцияланган методика сунушталып, ал инженерия, моделдөө, дизайн жана механика багыттарын камтыды. Ошондой эле, Фридрих Фребелдин дидактикалык системасына негизделген табият таануу жана мейкиндик ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган темалар сунушталды.

Семинардын соңунда катышуучулар уюштуруучуларга, айрыкча Эльмира Бусурманкуловага ыраазычылыктарын билдиришип, ар бир район жана шаар деңгээлинде алынган тажрыйбаларды жайылтуу сунушталды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар