Автор: Маалыматтык саясат сектору
24 Апрель 2025 ж. 10:34
Көрүлдү: 445
Жалал-Абад областына караштуу Ала-Бука районунундагы Айры-Там айылында 100 балага (№19 М.Алымбеков мектебинин базасында) жана Кош-Болот айылында 50 балага (№45 М.Турсунбеков мектебинин базасында) ылайыкталган кыска мөөнөттүү бала бакчалар түзүлдү.
Муну менен Ала-Бука районунда ачылган кыска мөөнөттүү бала бакчалардын саны 8ге жетип, бакчага 400 бала тартылды. Райондо жалпы 14 бакча ачуу пландалган. Дагы эки бакчада оңдоп-түзөө иштери аягына чыгып, май айында пайдаланууга берилсе, калган кыска мөөнөттүү 4 бакчада ремонт иштери башталды.
Бакчалар Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында түзүлдү. Министрлик тайпалар үчүн бөлүнгөн бөлмөлөрдү толугу менен оңдоодон өткөрүп, керектүү болгон бардык жабдыктар, куралдар менен камсыздады: санитардык-гигиеналык шарттар, килем, оюнчук, эмерек, балдар үчүн өнүктүрүү куралдары, балдар аянтчасы, тарбиячылар үчүн колдонмолор.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүп жатат. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейинки билим алууга тартылат. Бул бакчаларда билим алуу акысыз.