БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНДЕ СИНЬЦЗЯН УНИВЕРСИТЕТИНИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Апрель 2025 ж. 17:20

Көрүлдү: 424

2025-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Кытай Эл Республикасынын Урумчи шаарындагы Синьцзян университетинин делегациясы менен расмий жолугушуу болду.

post.title

 

Сапардын максаты — Синьцзян университети менен И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана билим берүү жана илимий-изилдөө тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мындан аркы кадамдарын талкуулоо болду.

Кытай тараптан делегацияны эл аралык кызматташтык жана алмашуулар боюнча вице-президенти Цзинь Ган жетектеди.

Кыргызстандын атынан жолугушууга министрдин кеңешчиси Азамат Найманбаев, Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова, жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө "Бир алкак — бир жол" демилгесинин алкагында кызматташуунун негизги багыттары, анын ичинде биргелешкен химия лабораториясы менен алдыңкы Инженерлер институтун түзүү талкууланды.

Долбоор эл аралык деңгээлдеги адистерди даярдоого, академиялык алмашууларды ишке ашырууга, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана өнөр жай менен илимий-билим берүү чөйрөсүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого багытталган.

Жолугушуунун жыйынтыгы жогорку билим берүү, илим жана инновациялык өнүгүү жаатындагы Кыргыз-Кытай өз ара аракеттешүүсүн кеңейтүү жолундагы маанилүү кадам болуп калды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар