ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕГИ ИШТИН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУ: ӨЗГӨН РАЙОНУНА САПАР

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Апрель 2025 ж. 15:54

Көрүлдү: 475

2025-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев Ош облусунун Өзгөн районуна мамлекеттик органдардын жергиликтүү деңгээлдеги ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу алкагында иш сапары менен барды.

post.title

Иш сапардын алкагында Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов менен жолугушуу болуп, анда Билим берүү жана илим министрлигинин райондук, шаардык билим берүү башкармалыктарынын  ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана өз ара кызматташууну күчөтүү боюнча бир катар макулдашуулар болду.

Мындан тышкары, Мухтарбек Баймурзаев төмөнкү билим берүү уюмдарынын иши менен таанышты:

Ош облустук балдар чыгармачылык борбору,

Ош шаарындагы көзү азиздер жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын мектеп-интернаты, ошондой эле бир катар райондук, шаардык мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары.

Иш сапардын максаты — жергиликтүү деңгээлдеги билим берүү тармагындагы учурдагы абалды баалоо, көйгөйлүү маселелерди талкуулоо жана аларды чечүүгө багытталган практикалык сунуштарды иштеп чыгуу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар