Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
23 Апрель 2025 ж. 15:48
Көрүлдү: 19805
Учурда каттоонун биринчи этабы жүрүп жатат, сиз тандаган мектеп сиздин каттоо дарегиңизге жакын жайгашса, 1-июнга чейин тандагандыгыңызды ырастоо зарыл.
Ушул тапта электрондук каттоо системасынын маалыматы боюнча:
· Мектептердеги орундардын жалпы саны: 285 560.
· Ал эми ата-энелер тарабынан ырасталган орундардын жалпы саны: 92 370 (анын ичинде артыкчылык укугу бар балдар үчүн — 1 268).
· Бул мектепке бара тургандардын 32%ын гана түзөт.
· Азыркы күндө каттала элек бош орундардын саны: 193 190 (анын ичинде артыкчылык укугу бар 29 146 бала).
Урматтуу ата-энелер! Эгер мектеп тандооңузду ырастай элек болсоңуз — мүмкүн болушунча эртерээк ырастап коюуну өтүнөбүз.
Сураныч, акыркы күндөргө калтырбаңыз — система реалдуу убакыт режиминде иштейт, өз убагында ырастасаңыз, балаңыз каттоо дарегиңиз боюнча мектепке катталат.