Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
23 Апрель 2025 ж. 15:04
Көрүлдү: 505
2025-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана анын орун басары Лира Самыкбаева Нарын облусунун тургундары менен жолугушуу өткөрүштү.
Иш-чара Нарын шаарындагы М. Рыскулов атындагы мамлекеттик академиялык музыкалык драма театрында өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиева, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, шаардык прокуратуранын өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп директорлору, мугалимдер, бала бакча жетекчилери жана окуучулардын ата-энелери катышты.
Жолугушууда министр "Алтын Казык" билим берүү системасын трансформациялоо программасынын алкагындагы алдыдагы пландар тууралуу маалымат берип, 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктары тууралуу айтып берди. Мугалимдер өздөрүнүн кызыккан суроолоруна кеңири жооп алышты.
Министрдин орун басары билим берүү тармагын санариптештирүү, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө түзүлүп жаткан шарттар тууралуу маалымат берип, агартуучулардын суроолоруна жооп берди.
Мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында облустук прокуратура менен биргеликте атайын жыйын өткөрүлдү.
Министр жеке жарандарды да кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн угуп, жеринен чечти.
Ошондой эле, Д. Кендирбаева аймактагы авариялык абалдагы мектептердин абалы менен жеринде таанышып, тийиштүү тапшырмаларды берди.