Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Апрель 2025 ж. 16:50
Көрүлдү: 355
Бүгүн, 22-апрелде Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жаңы дайындалган ректорун жалпы жамаат менен тааныштырды.
Ректор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жобонун 1.9-пунктуна ылайык дайындалды.
Т. Исабеков 2015-жылдан бери Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин Гидротехникалык курулуш жана суу чарба кафедрасынын профессору болуп эмгектенип келген.