Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Апрель 2025 ж. 14:02
Көрүлдү: 261
Пакистан Ислам Республикасынын элчилиги 2025-жылдын күзгү семестринде Бахрия университетине окууга чет өлкөлүк студенттерден арыздарды кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт.
Бахрия университети — бул көп тармактуу мамлекеттик жогорку окуу жайы болуп, бакалавриат жана магистратура деңгээлинде төмөнкү багыттар боюнча билим берет: компьютердик илимдер, укук, психология, медицина, стоматология жана башка адистиктер.
- Чет элдик студенттер үчүн төмөнкү мүмкүнчүлүктөр каралган:
- арыз тапшыруу акысыз;
- окуу акысы жергиликтүү студенттердики менен бирдей;
- кабыл алуу талаптары да жергиликтүү студенттер менен бирдей;
- документтерди тапшыруу толугу менен онлайн жүргүзүлөт.
Эскерте кетсек: Бул мүмкүнчүлүктөр медицина жана стоматология багытындагы программаларга тиешелүү эмес.
Арыздарды тапшыруу мөөнөтү — 2025-жылдын 31-июлуна чейин. Арыздарды университеттин бардык кампустарына (Исламабад, Лахор, Карачи жана Кесиптик психология институту) онлайн режимде берүү керек.
Кошумча маалымат жана онлайн тапшыруу шилтемеси: https://bahria.edu.pk/isa