Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Апрель 2025 ж. 12:17
Көрүлдү: 281
Жалал-Абад шаарындагы №1 М. Бабкин атындагы жалпы билим берүү мектебинин 6-классынын окуучулары Альбина Самаганова жана Айлин Есеналиева 2025-жылдын 25-мартында Дубай шаарында өткөн эл аралык олимпиадада математика сабагынан I-орунду багындырышты.
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев: «Бул жеңиш — окуучуларыбыздын үзүрлүү эмгегинин, мугалимдердин талыкпаган мээнетинин жана билимге умтулган жаш муундун өжөрлүгүнүн жемиши», — деп белгиледи.
Окуучуларды жана алардын ата-энелерин Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кабыл алып, ийгиликтери менен куттуктап, мэриянын ыраазычылык баракчасын тапшырды.
Белгилей кетсек, Дубай шаарында өткөн эл аралык олимпиадага сегиз мамлекеттен 3000ден ашуун окуучу катышкан.