«ЭРУДИТ»: ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТЕЛЕОЮНДА УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН ТАРЫХЫ СҮРӨТ АРКЫЛУУ ЖАҢЫРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Апрель 2025 ж. 11:22

Көрүлдү: 225

2025-жылдын 18-мартында Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун (УАС) тарыхын көркөм сүрөт өнөрү аркылуу чагылдырууга арналган «Эрудит» республикалык интеллектуалдык теле-оюну жыйынтыкталды. Финалга өлкөнүн эң эрудициялуу мектеп окуучулары чогулду.

post.title

Масштабдуу интеллектуалдык таймаштын уюштуруучулары — Билим берүү жана илим министрлиги менен «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору болду.

🌍 Финалга Кыргызстандын бардык облустарынан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан 9 команда катышты. Турнир алты турдан туруп, ар бир турда катышуучулар билимди гана эмес, логикалык ой жүгүртүүнү, чыгармачылыкты жана командада иштөөнү көрсөтүштү.

🎯 Финалдын негизги турлары:

✅ «Мистер Х» – командалар берилген суроолордун негизинде белгилүү сүрөтчүнү табышты.

✅ «Суперблиц» – Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхы боюнча 20 суроого жооп беришти.

✅ «Пазлдар» – жасалма интеллекттин жардамы менен жаралган эрдикти чагылдырган сүрөттү чогултушту.

✅ «Кара чарчы» – аскердик темалардагы жашырылган сүрөттү аныкташты.

✅ «3D форматындагы атактуу сүрөт» – үч өлчөмдүү көркөм чыгарманы жаратышты.

✅ «Менин өлкөмдүн бир бөлүгү» – согуш көрүнүшүн тартып бүтүшүп, концепциясын көрсөтүштү.

🏆 Телеоюндун жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун командасы жеңишке жетти. Жаш билермандар мыкты билим деңгээлин, чыгармачылык тапшырмаларга оригиналдуу мамилени жана команданын ынтымактуулугун көрсөтүштү.

🎖 Жеңүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин дипломдору, грамоталары жана медалдары тапшырылды.

📺 Телеоюнду өлкөнүн башкы телеканалы УТРКнын “Баластан” балдар телеканалынан көрүүгө болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар