Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
21 Апрель 2025 ж. 14:12
Көрүлдү: 349
2025-жылдын 20-23-апрель күндөрү Ысык-Көлдө билим берүү жана илим тармагындагы эң маанилүү «Биз — XXI кылымдын интеллектуалдары» аттуу мектеп окуучулары менен студенттердин эл аралык форуму өтөт.
Форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен «Алтын түйүн» Улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясы тарабынан 1998-жылдан бери үзгүлтүксүз уюштурулуп келет. Бул аралыкта форум жөн гана идеялар менен билим алмашуучу жай болбостон, Кыргызстандын келечегине таасир эте турган, келечектүү долбоорлор жаралган чыныгы таланттардын устаканасына айланды.
Иш-чараны ачып жатып Билим берүү жана илим министрлигинин «Санарип билим берүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору Бектурган Бабаев министрликтин атынан окуучулар менен студенттерди куттуктап, бул форум жөн гана окуя эмес, өнүгүүгө күчтүү түрткү экенин айтты.
Форум Кыргызстандын бардык аймактарынан келген жаш изилдөөчүлөрдү, конструкторлорду жана ойлоп табуучуларды, ошондой эле Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиядан келген мектеп окуучулары менен студенттерин чогултту. Алар робототехника, автоматташтырылган технологиялар, маалыматтык системалар, энергияны сарамжалдоочу чечимдер, телекоммуникация, дубалга илинүүчү жана теориялык моделдер боюнча долбоорлорун сунушташты.
Форумдун долбоорлорун өлкөнүн алдыңкы окумуштуулары — илимдин докторлору, академиктер, ойлоп табуучулар жана техникалык илимдердин эксперттери баалашат.
Бул иш-чаранын кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан да жогору бааланып, форумдун жеңүүчүлөрү менен байге ээлери республиканын предметтик олимпиадаларынын жеңүүчүлөрүнө теңдештирилген. Бул аларга Кыргызстандын жана Россиянын техникалык жогорку окуу жайларына бюджеттик негизде кабыл алынуу укугун берет.