МУГАЛИМДЕРДИН ЖЕТИШСИЗДИГИ КАНДАЙ ЧЕЧИЛЕТ?

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Апрель 2025 ж. 13:15

Көрүлдү: 292

Министрлик жылына ар бир мектепке канча мугалим керек экендиги тууралуу мониторинг жүргүзɵт жана ага жараша педагогикалык окуу жайлардын бүтүрүүчүлɵрүн бɵлүштүрүп, жетишсиздикти жоюу иштерин алып барат.

post.title

2025-2026-окуу жылына карата  мектептерге 6800 мугалим керектелет,  бирок анын ичинен  учурда 3000 ге жакын мугалим «Наристе»  мектепке даярдоо программасы менен иштеп жатышат, эми алар толук кандуу жүктɵм менен башталгыч класстарда иштей башташат. 

Андан тышкары быйыл педагогикалык  жогорку окуу жайларды бүтүргɵн  2100 бүтүрүүчүнү,  орто кесиптик педагогикалык окуу жайларынын 6061 бүтүрүүчүсүн  мектептерге бɵлүштүрүү пландаштырылууда. Ошондой эле орус тилдүү мектептердеги мугалимдердин жетишсиздигин жоюу максатында министрлик Россия Федерациясы менен иштеп, азыркы учурда ɵлкɵдɵ 105 мугалим тартылып, иштеп жатат. Бул программага дагы мугалимдерди тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.  

Ɵлкɵдɵ  абдан маанилүү программа ишин баштады, бул «Заманбап мугалим»  программасы. Программа өзгөчө кадр жетишпеген мектептерде демилге көтөрүп,  шыктанган жана таланттуу адистерди ар кандай тармактардан тартып, азыркы учурда 29 мугалим Чүй областында иштеп жатат.

\Бул программа республикага жайылтылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар