Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
19 Апрель 2025 ж. 18:44
Көрүлдү: 739
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов 2025-жылдын 18-19-апрелинде Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында шаардын мугалимдери, мектеп директорлору менен жолукту.
Иш-чара №52 Кыргыз-Түрк достугу атындагы мектепте өтүп, анда Э. Байсалов педагогдорго “Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасы боюнча маалымат берип, 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн артыкчылыктарына токтолуп, мугалимдердин суроолоруна жооп берди.
Аталган мектептеги Республикалык “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун 2021-жылкы жеңүүчүсү И. Шамырзаев, 2022-жылкы жеңүүчүсү Н. Акылбек уулу жана 2024-жылкы жеңүүчүсү Н. Марат уулу менен баарлашып, жыл сайын аталган мектептен жыл мугалими наамын жеңип алган мыкты мугалимдер бар экени кубандырарын билдирди.
Ошондой эле мектептин класс кабинеттерин, китепкана, ашкана, биология, физика, химия сабактарынын лабораторияларын көрүп, усулдук каанада жаш мугалимдер менен жолугушту.