БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИШЕМБИЛИККЕ ЧЫГЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Апрель 2025 ж. 18:40

Көрүлдү: 746

Бүгүн, 19-апрелде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери жана министрлике караштуу мекемелер “Кут Билим” медиа борборунун, “Окуу-китеби” басма үй мамлекеттик мекемесинин, Борборлоштурган бухгалтериясынын кызматкерлери министр Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги алдында Бишкек-Кара-Балта жолунун МАИ постунан тартып жүк ташуучу унаалардын салмак пунктуна чейинки (Гавриловка айылы) санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн ишембиликке чыгышты.

post.title

Кызматкерлер Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун жээгиндеги таштандыларды тазалашты.

Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар