КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ РОССИЯНЫН АЛДЫҢКЫ ЖОЖдору МЕНЕН АКАДЕМИЯЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТҮҮ МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Апрель 2025 ж. 18:55

Көрүлдү: 776

2025-жылдын 16-17-апрелинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов жумушчу сапары менен Россиянын эки алдыңкы жогорку окуу жайына — Москва геодезия жана картография мамлекеттик университетине (МГКМУ) жана Москва физика-техникалык институтуна (МФТИ) барды.

post.title

Иш-сапардын алкагында академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана кыргыз студенттерин Россия Федерациясынын билим берүү жана илимий программаларына тартуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

МГКМУда министрдин орун басары геодезия, картография, кадастр жана Жерди аралыктан зонддоо багыттары боюнча адистерди даярдоо программалары, ошондой эле Кыргызстандын адистери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлүп жаткан Эл аралык тармактык университеттин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети менен кызматташууну тереңдетүү курсу тастыкталды. Жакын арада академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимге кол коюу пландалууда, ал эми кийинки окуу жылынан тарта кыргыз студенттери геоинформатика жана маалыматтык коопсуздук тармактарындагы инновациялык программалар боюнча окуу башташат.

МГКМУнун проректору Сергей Шестаков университетте ишке ашырылып жаткан бир катар технологиялык иштеп чыгуулары менен тааныштырды. Сапардын соңунда Альберт Махметкулов Кыргызстан менен МГКМУнун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди жана «Мейкиндик маалыматтар: МГКМУ — Инновациялар аймагы» аттуу эл аралык көргөзмө-форумуна катышуу чакыруусун кабыл алды. Бул иш-чара 2025-жылдын май айында өтөт.

17-апрелде министрдин орун басары МФТИге барып, биринчи проректор Елена Анохова жана институттун жетекчилиги менен жолукту. Жолугушууда жогорку окуу жайынын негизги билим берүү принциптери — фундаменталдуу даярдык, студенттерди эрте илимий долбоорлорго тартуу жана технологиялык ишкердикти өнүктүрүү маселелери талкууланды. Айрыкча, «Стартап — бул диплом» программасы жана 2025-жылы түзүлө турган Санарип Асман Институту сыяктуу жаңы демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар кыргыз студенттеринин МФТИнин олимпиадаларына катышуу мүмкүнчүлүгүн, академиялык мобилдүүлүк программаларын кеңейтүү, илимий стажировкаларды өткөрүү жана жайкы-кышкы мектептерге катышуусун да талкуулашты. Сапардын алкагында делегация МФТИнин бир нече алдыңкы лабораторияларын — толкун процесстери, плазмалык кыймылдаткычтар жана так багыттоо системалары боюнча лабораторияларды көрүп чыкты.

Альберт Махметкуловдун МГКМУ жана МФТИге болгон сапарлары Кыргызстан менен Россиянын ортосунда билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү кадам болду. Жолугушуулардын жыйынтыгында жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого жана биргелешкен инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган кызматташуунун жаңы форматтары түзүлдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар