Автор: Маалыматтык саясат сектору
18 Апрель 2025 ж. 17:46
Көрүлдү: 529
Оман Султандыгынын Элчилиги чет элдик студенттерди колдоо максатында атайын «UniStudy» билим берүү платформасынын ишке киргизилгенин маалымдайт.
Бул платформа Омандын орто кесиптик жана жогорку билим берүү мекемелерине тапшырууну каалагандар үчүн документтерди тапшыруу жол-жобосун жеңилдетүү максатында иштелип чыккан.
«UniStudy» — бул студенттерди кабыл алуу жана академиялык кызматташуу жаатында ишенимдүү расмий аккредитацияланган билим берүү бренди болуп саналат.
«UniStudy» платформасы аркылуу Омандын колледждери жана университеттери билим берүү кызматтарынын жогорку сапатына жана эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө болгон умтулуусун тастыкташат.
Оман Султандыгынын окуу жайларына тапшырууну каалагандар «UniStudy» расмий платформасында каттоодон өтө алышат.