Автор: Маалыматтык саясат сектору
18 Апрель 2025 ж. 17:34
Көрүлдү: 569
2025-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министр Догдуркүл Кендирбаева блогерлер, инфлюенсерлер жана жарандык активисттер менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чаранын максаты — коомчулукту билим берүү системасында жүрүп жаткан кеңири трансформация жөнүндө маалымдоого социалдык тармактарды активдүү колдонгон колдонуучуларды, санарип контенттин авторлорун жана коомдук пикирге таасир этүүчү адамдарды тартуу. Алардын жүз миңдеген окурмандары жана жазылуучулары бар контенти коомдук пикирди түзүүдө жана маалыматты эл арасына жайылтууда чоң роль ойнойт.
Жолугушууга ошондой эле Эл аралык Борбордук Азия университетинин (МУЦА) студенттери жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылынын орто мектебинин окуучулары катышты.
Догдуркүл Кендирбаева «Алтын Казык» программасынын негизги багыттары, максаттары жана күтүлгөн жыйынтыктары тууралуу айтып берип, билим берүү тармагын жаңыртууда мамлекет менен жарандык коомдун өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.