Автор: Маалыматтык саясат сектору
17 Апрель 2025 ж. 17:05
Көрүлдү: 605
Бүгүн, 2025-жылдын 17-апрелинде кесиптик лицейлердин жана колледждердин окуучулары арасында “WorldSkills Kyrgyzstan” жумушчу кесиптердин экинчи улуттук чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Чемпионаттын аймактык турунда жеңишке жеткен 24 окуучу республикалык улуттук турда “Ширетүү технологиясы”, “Ашпозчулук” жана “Мода технологиясы” адистиктери боюнча таймашышты.
“Мода технологиясы” адистиги боюнча жеңүүчүлөр:
I орун – Сулайманова Мадина, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине караштуу орто-кесиптик билим берүү колледжи, (20 миң сом, сертификат, медаль, спонсорлордон балуу белектер);
II орун – Абашева Фарангиз, Б.Осмонов атындагы Жала-Абад мамлекеттик университетине караштуу колледжи (12 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер);
III орун – Жыргалбаева Нуржамал, Каракол шаарындагы Ж. Тойгонбаев атындагы №2 кесиптик лицейи, (8 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер);
“Ширетүү технологиясы” адистиги боюнча жеңүүчүлөр:
I орун – Максатов Марлен Максатович, Балыкчы шаарындагы Т.Ибраев атындагы №22 кесиптик лицейи, (20 миң сом, сертификат, медаль жана баалу белектер);
II орун – Нурланбек уулу Азизбек, Чүй облусунун №28 Кыргыз-Россия кесиптик лицейи, (12 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер);
III орун – Савчиц Артур, Бишкек шаарындагы №4 кесиптик лицейи, (8 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер);
“Ашпозчулук технологиясы” адистиги боюнча жеңүүчүлөр:
I орун –Даутахунова Алия, Чүй облусундагы №56 кесиптик лицейи, (20 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер);
II орун – Омушев Элдар, И.Раззаков атындагы КМТУнун Технологиялык институту, «Коомдук тамактануу продуктыларынын технологиясы» кафедрасы, (12 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер);
III орун – Нурлан Уулу Азат, Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейи, (8 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер).
Чемпионатта “Ширетүүчүлүк”, “Ашпозчулук” жана “Мода технологиясы” адистиктери боюнча 1-орунду алган катышуучулар 2025-жылдын 27-29-ноябрында Тайбэйде өтө турган “WorldSkills Asia” чемпионатында Кыргызстандын атынан эл аралык чемпионатка катышышат.
Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнура Мамырова, “Вордскиллс” коомдук фондунун директору Максат Мамытов чемпионаттын жеңүүчүлөрүн жеңиши менен куттуктап, алдыда өлкө намысын татыктуу коргоо үчүн жогорку деңгээлде даярдык көрүү керектигин белгиледи.
“Бүгүн биз үчүн абдан кубанычтуу күн, анткени алдыбызга койгон максаттын биринчи этабын ийгиликтүү жыйынтыктап жатабыз. Бул чемпионатты өткөрүү үчүн уюштуруучулар, өнөктөштөр менен чоң иштер жасалды” деп баса белгилешти.
“WorldSkills” – бул эл аралык коммерциялык эмес ассоциация, анын максаты жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесиптик даярдоонун жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу.
Кыргыз Республикасындагы WorldSkills мелдештеринин уюштуруучулары - Билим берүү жана илим министрлиги, “Ворлдскиллс” коомдук фонду.
Өнөктөштөр – Башкы демөөрчүсү “Айко Сейко” ЖЧКсы болду. Ошондой эле колдоо “ESAB”, “Европа” мейманканасы, “Текстиль өнүктүрүү борбору” жана өнөктөш “DSKA Engineering” тарабынан көрсөтүлдү.
Алардын салымы менен сынактын ийгиликтүү өтүшүнө жана жаш адистердин дараметин өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлдү.