БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНДЕ SABER БАЯНДАМАСЫ БОЮНЧА ТАЛКУУ БОЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

16 Апрель 2025 ж. 17:35

Көрүлдү: 410

2025-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде «Билим берүүнү жакшыртуунун системалуу ыкмасы (SABER): мектептерде тамактандыруу системасынын улуттук потенциалын баалоо» темасы боюнча жыйын өттү.

post.title

Мындай иш-чарага мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева катышты.

SABER демилгесинин негизги максаты — тамак-аш системасын баалап, күчтүү жана алсыз жактарын аныктоого жана жакшыртуу жолдорун сунуштоого жардам берүү.

Баалоо иш-чарасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк тамак-аш программасы (ВПП ООН) Кыргыз Республикасындагы мектеп тамактандыруу программасынын учурдагы абалы боюнча аналитикалык баа берип, анын мыйзамдык жана саясий негиздерге туура келүүсүн текшерди.

Жолугушууда мектептеги тамактануу программасын мындан ары жакшыртуу боюнча Жол картасынын долбоору да сунушталды. Системаны жакшыртуунун негизги маселелери мамлекеттик саясат, финансылык туруктуулук, институттар аралык координация жана жергиликтүү коомчулуктардын катышуусу болду.

Иш-чаранын катышуучулары Кыргыз Республикасында мектептердин тамактандыруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бардык кызыкдар тараптардын биргеликте иштешинин маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар