КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫТАЙ МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

16 Апрель 2025 ж. 14:30

Көрүлдү: 360

15-апрелде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Кытай Эл Республикасынын Шандунь университетине алдындагы Цилу ооруканасынын делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.

post.title

Жолугушууга Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын  башчысы Айнура Исираилова катышты.

Тараптар клиникалык билим берүү жана илимий изилдөөлөр багытында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле медициналык билим берүү боюнча тренингдерди жана мастер-класстарды уюштуруу маселелерин талкуулашты. Эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Кытай делегациясы Шандунь университети жана Цилу ооруканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, кыргыз билим берүү мекемелери менен кызматташууга даяр экенин билдиришти.

Айнура Исираилова кызматташууну академиялык мобилдүүлүк программаларынан баштоону сунуштады. Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 34 жогорку окуу жайы медициналык билим берүү программаларын ишке ашырууда. Бул сунушту Цилу ооруканасынын делегациясы колдоду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлиги кызматташууга толук даяр экенин билдирди. Бул жолугушуу эл аралык кызматташууну чыңдоого жана медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар