РЕСПУБЛИКАЛЫК ЖАНА УЛУТТУК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

14 Апрель 2025 ж. 15:13

Көрүлдү: 1488

2025-жылдын 14-апрелинде "Сейтек" балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган мектеп окуучуларынын республикалык жана улуттук олимпиадасынын жабылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү.

post.title

Республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу IV этабы 11-12-апрелде Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы жана «Айчүрѳк» лицейлеринде өттү. Ага республика боюнча олимпиаданын III (облустук) этапта жеңишке жеткен 348 окуучу 12 предмет боюнча катышты. Жыйынтыгында 54 окуучу байгелүү орундарга ээ болду. 

Олимпиада зээндүү окуучуларды колдоо, мыкты мугалимдерди аныктоо максатында министрлик тарабынан жыл сайын өткөрүлөт.


Ал эми мектеп окуучулары арасында математика, физика, химия, биология, информатика предметтери боюнча улуттук олимпиада 4 этап менен өтүп, натыйжада 76 окуучу алдыңкы орундарга ээ болду.  


Улуттук олимпиаданы уюштуруунун максаты зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимдерин өркүндөтүү, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн, илимий изилдөө иштерине кызыгууларын арттыруу жана математика, физика, химия, биология, информатика предметтери боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын командасын түзүү жана даярдоо болуп саналат.


Сыйлоо аземинде билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жеңүүчүлөрдү куттуктап, билимдүү жаштарсыз Кыргызстандын келечеги жок экенин баса белгилеп, билим жарышындагы алдыңкыларга ийгиликтерди каалады. 
-    Бул жерде бир жарым миллион баланын арасынан 348 бала тандалып келип, ийгиликтин сересинде отурасыздар. Бул чек болбосун. Ийгиликтүү адам менен ийгиликсиз адамдын ортосунда бир гана айырма бар, ал – эрк. Сиздердин алдыңыздарда океандай мүмкүнчүлүк бар. Билимиңер менен биз кыялданган кыялдарга силерди жетет деп ишенебиз, – деди министр.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар