Автор: Маалыматтык саясат сектору
10 Апрель 2025 ж. 12:04
Көрүлдү: 1248
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад, Талас облустарына болгон иш-сапарынын алкагында, 9-апрелде Бакай-Ата районунун жашоочулары, педагогдору менен жолугушту.
Иш-чарага жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, айылдык кеңештин депутаттары, райондун билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, мектеп директорлору, бала бакчалардын башчылары, мугалимдер жана ата-энелер катышты.

Жолугушууда күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр боюнча кенен баарлашуу болуп, билим берүүнү жакшыртуу, санариптештирүү, мектептерди модернизациялоо жана мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө шарт түзүү маселелери талкууланды.

Министр "Алтын Казык" билим берүү системасын трансформациялоо программасын ишке ашыруу боюнча мугалимдерге кенен маалымат берип, аймактагы мугалимдердин сунуштарын угуп, алардын көйгөйлөрүн чечүү жолдору боюнча пландарды талкуулады.

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мелисбек Музулманов катышуучуларга мазмундук өзгөрүүлөр боюнча презентация жасап, мугалимдердин суроолоруна жооп берди.
Жолугушуудан соң, Д. Кендирбаеванын жеке кабыл алуусу болуп, ар кандай суроолор жеринде чечилди.